"Твиттер" жана "Фейсбук" социалдык тармактары АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын аккаунттарын убактылуу жаап салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, буга 6-январда жасалган Трамптын чакырыктарынан кийин анын тарапташтарынын Капитолийге кирип барышы түрткү болгон.
"Ал учурда Конгресстин эки палатасынын биргелешкен жыйыны өтүп жаткан. Анда ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгы бекитилмек. 6-январда "Твиттер" АКШ президентинин аккаунтун олуттуу жана улам кайталанган эреже бузуу үчүн 12 саатка жапканын билдирип, керек болсо такыр жаап саларын эскертти. Ал эми "Фейсбук" социалдык түйүнү "анын ички саясаты эки жолу бузулганын" жүйө кылып, Трамптын аккаунтун 24 саатка жапканын жарыялады", - деп жазылат маалыматта.