Казакстандын Актау шаарында борбордук балаты кулап түштү. Бул тууралуу Азамат Сарсенбаев аттуу фейсбук колдонуучусу өзүнүн баракчасына жарыялаган.
Кечээ, 7-январга караган түнү Актауда ылдамдыгы 15-20 метрге жеткен шамал болуп, шаардын борборундагы башкы балаты кулап түшкөн.
Маалыматка ылайык, кырсыктан жабыркап же жапа чеккендер жок. Ошондой эле балатыны кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткандыгы айтылат.