Өзбекстанда катуу сууктан улам бийиктиги 84 метр болгон шаркыратма тоңуп калды

Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусундагы Сувтушар шаркыратмасы муз болуп тоңуп калды. Бул туурасында Өзбекстан Республикасынын экология жана айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик комитетинин Telegram каналына шаркыратманын эки абалдагы сүрөтү жарыяланды.

"Жаңы жылдын алгачкы жумасында адаттан тыш суук болуп, Кашка-Дарыя облусунун Гиссар коругундагы бийиктиги 84 метрди түзгөн Сувтушар шаркыратмасы тоңуп калды. Бул жуманын аягына чейин аталган аймакта абанын температурасы төмөн болот. Синоптиктер билдиргендей, бул апта ичинде түнкүсүн абанын температурасы -10го чейин төмөндөйт, ал эми түштүк менен чөлдүү аймактарда -17 градуска чейин жетет. Ал эми күндүзү -5 градустан жогорулабайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2021-01-08 12:12:34
Минус 30дан 42ге чейин суук болуп жатат Сибирдегилерге кадимки көрүнүш.
+1
Abdalimov-Mili
2021-01-08 14:15:24
Новосибирскете бир жума 40тын тегереги болдуго чиркин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан