Бишкек шаарынын тургунун чогуу жашаган аял бычак менен колун кесип, үтүк менен чаап жиберген

Бишкек шаарнын тургунун чогуу жашаган аял бычак менен колун кесип, үтүк менен чаап жиберген. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-январь күнү Бишкек ШИИББинин "102” кызматына Бишкек шаарынын үйлөрүнүн биринде жарандар урушуп жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, 1973-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда уруштун айынан арыз ээсин чогуу жашаган аял бычак менен колун кесип, үтүк менен чаап жиберген.

Жазылган арыздын негизинде ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Ж.Э. аттуу аял кармалган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Lordbek
2021-01-07 19:08:09
ЧОГУУ ЖАШАГАН АЯЛ ДЕГЕНИ ЭМНЕСИ ЭХХХ
+4
nurka_85
2021-01-07 20:06:12
Экөө тең аялбы ошондо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан