14-январда Самсунг компаниясынын жаңы үлгүдөгү смартфондорунун бет ачары өтөт

Самсунг компаниясы 14-январда жаңы үлгүдөгү смартфондорунун расмий бет ачарын жасайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып жатышат.

Маалыматта бет ачарда Galaxy сериясынын жаңы 3 үлгүсү көрсөтүлөрү айтылат.

"Мурдагы Galaxy S20 сериясынын уландысы катары S21 жана S21 Plus, S21 Ultra үлгүлөрү сатыкка январдын соңунда чыгары күтүлүүдө. Пандемияга байланыштуу бет ачар онлайн режиминде өтөт. Жаңы моделдердин арасынан Galaxy S21 дисплейи 6,2 дюймду түзсө, Galaxy S21 Plus 6,7 ал эми Galaxy S21 Ultra үлгүсүнүкү 6,8 дюйм турган ири экраны болот" , - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан