Нурсултан Назарбаев тууралуу тартылган документалдуу фильмдин уландысы көрсөтүлөт

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев тууралуу тартылган документалдуу фильмдин уландысы көрсөтүлөт. Бул туурасында Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Укибай фильмдин кыскача анонсу менен бөлүшүп өзүнүн Твиттер баракчасына жазды.

"8-январда саат 21:45те "Хабар" телеканалында документалдуу фильмдин уландысы көрсөтүлөт. Кинонун үчүнчү сериясында саясат жөнүндө суроолор азыраак болуп, буга чейин айтылбаган жеке маселелер жөнүндө сөз болот",- деп жазган Айдос Укибай.

Анонстон Назарбаевдин "жаштар гана картаят, карылар карыбайт" деген тамашасын угууга болот. Ошондой эле ал жаш кезинде учкуч же болбосо деңизчи болгусу келгенин айткан. Мындан сырткары небереси Айсултан Назарбаев тууралуу сөз кылып, өкүнүчүн билдирген.

Эске салсак, Айсултан Назарбаев өткөн жылы Улуу Британияда көз жумган. Ал Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын уулу болчу.




Нурсултан Назарбаев тууралуу тартылган фильмдин уландысы көрсөтүлөт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан