Түркияда бөлөсүнө турмушка чыгуудан баш тарткан кыз сүйүктүүсү менен кошо өлтүрүлдү

Түркияда бөлөсүнө турмушка чыгуудан баш тарткан кыз кечки тамактануу учурунда жигити менен кошо өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Түркиянын Байрамозу аймагында 24 жаштагы кызды үй-бүлөсү бөлөсүнө турмушка чыгууга мажбурлаган. Кыз ага макул болбой жигити менен качып кеткен. Көп өтпөй кыздын ата-энеси алар менен элдешүү максатында Жаңы жылдык майрамды чогуу өткөрүүгө конокко чакырышкан. Кечки тамактануу учурунда экөөнү бычактап өлтүрүшкөн.

"Окуя полиция тарабынан иликтенип, кыздын туугандары кармалды. Алар кылмыш иштерин моюнуна алышып, окуяны түшүндүрүштү. Маркумдардын сөөктөрү табылгандан кийин, окуяга катыштыгы бар туугандары кошо кармалды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Apyn8793
2021-01-08 11:18:39
Адамдар менен жаныбарлар алмашып баратат окшойт
+19
Myrzan
2021-01-08 13:07:13
Мына динге жакын Турцияда болуп жаткан кылмыштуу окуя..
-12
make2
2021-01-08 15:52:57
Myrzan,Турция динге жакын эмес, мен эки жыл иштеп келгем
0
narynbek2001
2021-01-08 15:58:23
Ислам олкосундо кыз кишини мажбурлап, молдолордун эрежелерин танууламай кадыресе корунуш. Динчил олкодо кыздардын шору коп.
-4
ruslan.kurmanaliev.1984
2021-01-08 16:43:25
narynbek2001,динге асылбай эле жүрсөң тууган алар өз ара келише алышпаса керек да сага да бир күн жүрөгүңө ыйман бер Аллахым адашкан ушундай боордошторду сактай көр
+2
Mister-XXX
2021-01-08 19:45:36
narynbek2001,Сен да кыздуу болосун.Сенин кызың сага жакпаган зөөкүргө күйөөгө тием десе эмне кылат элен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан