Кыймылдаткычы бузулбаган заманбап 5 унаа аталды. Эң кызыгы тизмеге Ауди унаасы кирген жок (рейтинг)

Автоунаа тетиктерин жеткирүү жана диагностикалык жабдууларды чыгаруу боюнча дүйнөдөгү ири компаниялардын бири болгон CarMD компаниясынын эксперттери кыймылдаткычы (мотор) эң ишенимдүү болгон унааларды атады.

Эксперттер кардарлардын суроо-талаптары боюнча 1996-жылдан 2020-жылга чейинки чыгарылган 20 миллиондой унааны изилдеп чыгышкан. Изилдөө 2019-жылдын октябрь айынан 2020-жылдын сентябрь айына чейин жүргүзүлгөн.

Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, Mitsubishi унааларынын кыймылдаткычы эң аз бузулары белгилүү болгон. Экинчи орунга Mercedes-Benz унаалары жайгашса, германиялык Volkswagen компаниясы чыгарган унаалар үчүнчү орунга жайгашты. 4-5-орунду Ford жана Mazda унаалары ээлеген.

Ал эми унаанын моделине алып караганда кыймылдаткычы эң ишенимдүү делип 2018-жылкы Toyota Tacoma унаасы табылган. Экинчи орунга 2015-жылы чыгарылган Honda CR-V унаасы жайгашса, үчүнчү орунду 2018-жылы чыгарылган Toyota Camry унаасы ээледи.

Мындан тышкары, оңдоо үчүн эң аз каражатты талап кылган кыймылдаткычтар KIA, Chrysler жана Mazda унааларынын кыймылдаткычтары болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
nurbek56
2021-01-08 11:55:09
Туура эмес жыйынтык биринчи оркнга Тайота турат
+8
Asmat84
2021-01-08 15:03:02
nurbek56,мен да ошентип ойлоп аткам митсубисини баалачу эмесмин бул жагы кызык болду го
+4
bond02
2021-01-08 12:19:00
Хонданын мотору зверь.
0
roklait
2021-01-08 12:39:15
Жигулининин мотору зверь.
+10
Assalomuallekum
2021-01-08 14:03:10
Хонда фит минем мен жакшы ото шугур
-3
modem4999
2021-01-08 14:14:18
Ар ким озу минген машинесин мактайт эми
+2
bond
2021-01-08 14:51:55
Бул талаш маселе евро 6 талабына жооп берген машиналар Кыргызстанда тез эле тынчыйт.
+4
eddi.
2021-01-08 15:27:40
Москваген менен Мерсквич
0
bekalife
2021-01-08 15:39:08
Митсубиси компаниясы бизнести онуктуруу учун бул ишти каржылаганго...
0
make2
2021-01-08 15:50:04
Фольсванен менен аудинин мотору бир элего
0
Azat-123
2021-01-08 17:37:53
Мерс менен Тойотадан башкасына мынчалык баа бериш кыйын..,
+4
Akyl78.1501
2021-01-08 19:37:27
Матизден өтөрү жок туугандар
0
Bekulas
2021-01-09 00:55:44
Митсубиси Галант
0
Danysh1
2021-01-09 02:11:41
Эски ауди бар болчу 20 жылга чукул жүрдү кыймылдаткычтан кеткен эмес анан волгада өөлө чыдамуу келетко .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан