Президенттикке талапкерлердин биринин жубайы ири алдамчылыкка шектелип жатканын кечээ, 7-январда УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдаган. Бул маалымат чыгары менен коомчулук шектелип жаткан жаран кайсы талапкердин келинчеги болду экен деп талапкердин ысымынын ачыкталуусуна кызыгып жаткан.
Айрым маалымат булактар бул Курсан Асановдун жубайы экенин жазып чыгышкан болчу. Мындан улам жактоочу Таалайкүл Токтакунова бул боюнча өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Президенттикке талапкерлердин биринин жубайы алдамчылыкка шектелип жатканы тууралуу маалымат бардык жерде жайылып жатат. Биринчиден, бүгүнкү күнгө карата ал эч кандай шектүү эмес, экинчиден Кой-Таш окуясынан баштап, ал Курсан Асановду коргогондордун бири болуп келет. Ошондой эле анын жалгыз уулу дагы бул айыптоолордон жапа чегип келет. Эми болсо маалымат каражаттары аны "укмуш алдамчы" деп жазышууда. Ал генералдын жубайы, мындан ары дагы жолдошу Курсан Асановго колдоо көрсөтүүнү көздөп келет", - деп жазат жактоочу.