Орусиялык рэпер Тимати өзүнүн аты жазылган брендди каттоодон өткөрүү үчүн Роспатентке тиешелүү документтерин тапшырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, рэпер Тимати соода белгилери бар көз карандысыз агент болуп жаткандыгы тууралуу өткөн жылдын июль айында жарыялаган. Ал өзүнүн аты жазылган бренди менен соода маркасы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясына ылайык катталды.
"Эми ырчы өзүнүн бренди менен кийим, бут кийимдерди ошондой эле курулуш эмеректери жана үй буюмдары дагы бренд менен чыгара алат. Андан тышкары ал бургерлердин жана унаа жуучу жайларын негиздөөчү акцияларын сактап, ошол эле маркадагы чачтарач жана сулуулук салондору менен бирге фитнес борборлорунун ээси боло алат", - деп жазылат маалыматта.
37 жаштагы Тимати өткөн жылдын ноябрь айында Анастасия Решетова менен 5 жылдык үй-бүлөлүк жашоосунан кийин ажырашкан. Көп өтпөй ырчы "Бойдоктор" шоусуна супермодель катары катышып, өзүнүн сүйүүсүн издеп жаткандыгын жарыяланган.