Бишкекте 61 жаштагы аялды зордуктоого шектелип кошунасы кармалды

Бишкекте патрулдук милиция кызматы зордуктоого шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

"8-январь түнү 102 кызматына зордуктоо боюнча билдирүү келип түшкөн. Жерине барган кызматкерлер 61 жаштагы аялдын арызын кабыл алышкан. Анда 7-январга караган түнү саат 23:30 чамасында кошунасы кирип келип зордуктап, из жашырып качып кеткенин айткан. Ыкчам-иликтөө тобу шектүү катары 43 жаштагы С.Ж. аттуу шектүүнү кармап, Свердлов РИИБинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан