Казакстандын Алматы шаарында көчөдө жылаңайлак жүргөн өспүрүмдү милиция кызматкерлери кармашкан. Бул туурасында казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары баланын 2005-жылы туулгандыгын жана ал апасын бир нече ирет бычактап, аял алган жаракатынан улам көз жумгандыгын аныкташкан.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле кармалган өспүрүмдүн психологиялык жактан жабыркаары жана учурда аны менен психологдор иши алып барып жаткандыгы айтылат.