"Кошуналык жардам бир адамдын өмүрүн сактап калды". Кыргыз министри казак полиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди

Экономика министри Санжар Муканбетов Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаевге ыраазычылык кат жөнөттү. Бул тууралуу Polisia.kz. расмий медиа-порталында маалымдалды.

Анда Кыргыз өлкөсүнүн министри Павлодар облустук полиция департаментинин жеке курамына Кыргыз жаранына көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдиргени маалымдалат.

"Кыргыз жараны Актилек Арзыбековдун оор жүк ташуучу унаасы Шидерты айылына жакын жайгашкан аймакта өчүп калып, айдоочу катуу суукта орто жолдо калган. Полициянын кызматкерлери Жаксылык Байысбековдун, Азамат Шакшабаевдин жана Руслан Верещактын кесипкөйлүгү жана жеке инсандык сапаттары адамдын өмүрүн сактап калуу боюнча маселени абийирдүүлүк менен аткарууга жардам берди" , - деп белгиленген Санжар Муканбетовдун катында.

Маалым болгондой, бир нече күн мурун айдоочу Актилек Арзыбеков оор жүк ташуучу унаасы менен Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө карай жол тарткан. Бирок анын унаасы Павлодар облусунун аймагында токтоп калган. Айдоочу катуу сууктан улам тоңуп калуу коркунучунда калган. Бактыга жараша, аны жолдо өтүп бара жаткан полиция кызматкерлери байкап калып, унаасын от алдырууга көмөк көрсөтүшкөн. Айдоочу жолго чыкканда ар бир саат сайын байланышып турушкан.⠀

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-01-08 19:41:50
Ии кичине ошентип мактап мактап койгулачы.
+9
Arzybekkg
2021-01-09 11:50:29
Жакшы инсандар да бар...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан