Орусиянын Ленинград облусунда жеңил моторлуу эки учак сүзүшүп, 3 адам каза болду. Бул туурасында орус басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, кырсык 8-январда Ломоносов аймагындагы "Гоцтилиц" аэродромунан учуп чыккандан кийин болгон. Кырсыктан 3 адам көз жумган. Каза болгондордун экөө эркек, бирөө аял киши. Айрым маалымат булактарында жаш баланын да жаракат алгандыгы айтылууда. Бирок бул маалымат расмий тактала электиги кошумчаланган.
Алдын ала маалыматтар боюнча саат 13:38де Cessna-150 учагы учуучу тилкеден учуп кеткен, анын ичинде учкуч гана болгон. Андан соң саат 13:39да Piper-28 учагы абага көтөрүлгөн, анын ичинде учкуч жана 2 жүргүнчүсү болгон. Саат 13:40та эки учак абада кагылышып кеткен.
Аталган окуя боюнча иш козголуп, учурда тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүп жаткандыгы айтылат.