АКШнын президенти Дональд Трамп Жо Байдендин инаугурациясына катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Трамп өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген.
"Сурап жаткандардын баарына айтам, мен 20-январдагы инаугурацияга барбайм" деп жазган ал Twitter'деги баракчасына.
Айрым дүйнөлүк басылмалардын маалыматына караганда, Трамп 19-январь күнү резиденциядан чыгып Флоридага кетет. Мындай кадам менен Дональд Трамп АКШнын тарыхындагы анын ордуна келе турган адамдын ант берүү салтанатына катышпаган төртүнчү президент болот.
Эске салсак, 7-январга караган түнү Вашингтондо Трамптын тарапташтары Капитолийди басып алып, полиция менен башаламандык уюштургандардын ортосунда кагылышуу болгон. Анын кесепетинен төрт адам каза тапкан. Ал эми 7-январда АКШнын Конгресси демократ Жо Байденди президент кылып бекиткен.