Бүгүн өлкөдө президенттик шайлоо алдындагы "жымжырт күнү".
Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өткөн маалымат каражаттары аркылуу үгүт материалдарын жарыялоого тыюу салынат. Талапкерлер эл чогултууга да болбойт. Добуш берүүнүн алдындагы 24 сааттын ичинде президенттикке талапкерлер үгүт кампаниясын жүргүзүүгө тыюу салынган.
Эртең, 10-январда президенттик шайлоо жана референдум өтөт. Президенттикке 17 талапкер ат салышууда.