Президенттик шайлоого карата Москва жана Тюмень шаарларында кошумча 3 шайлоо тилкеси ачылат

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Президенттик шайлоого карата Москва жана Тюмень шаарларында кошумча 3 шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда БШКнын кезектеги жыйынында айтылды.

Өлкөнүн аймагынан тышкары шайлоо тилкелерин ачуу тууралуу токтом долбоорун БШКнын жумушчу тобу сунуштады. Сунушталган токтом долбоору БШК мүчөлөрүнүн добуш берүүсүндө кабыл алынды.

Ага ылайык, 3 шайлоо тилкесинин экөө Москва шаарында, бирөө Тюмень шаарында ачылары кабарланды.

"Тышкы иштер министрлигинин сунушунун негизинде өлкөнүн чегинен тышкары мурда белгиленген 45 шайлоо тилкесине кошумча дагы 3 шайлоо тилкесин ачуу сунушталды. Бул шайлоочулардын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында жасалат. Ошондой эле Орусияда ар бир шайлоо тилкесине катталган жарандардын саны 3 адамдан ашканын кошумчалай кетели. Буга байланыштуу парламенттик шайлоодо Москва шаарында кезек күтүүлөр көп болгон. Андыктан шайлоочулардын добуш берүүдөгү шарттарын жакшыртуу үчүн дагы бул токтом долбоорун сунуштап жатабыз. Ошону менен өлкөнүн аймагынан тышкары жалпысынан 48 шайлоо тилкеси ачылат. Анын ичинен 15и Орусиянын аймагында жайгашат. Маалымат катары, 2017-жылдагы президенттик шайлоо өлкөнүн аймагынан тышкары 37 шайлоо тилкеси уюшулганын белгилей кетели", - деди баяндамачы Арсланбек Үмөталиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан