УКМК: "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылууга шектелген 2 активист камакка алынды"

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылууга шектелген 2 активист камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-январда КР УКМК Коррупцияга каршы кызматы тарабынан "Кыргыз Темир Жолу" ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысынын негизинде сотко чейинки териштирүү башталган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, М.А. жана У.Д. аттуу Кыргыз жарандары Кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан текшерүү болушу мүмкүн деген жүйөө жана ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруу коркунучу менен аталган ишкананын жетекчилигинен 250 миң доллар өлчөмүндө акча каражаттарын талап кылышкан.

Анын жыйынтыгында аталган ишкананын жетекчилиги маселени оң жагына чечүү максатында М.А. жана У.Дга жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын берүүгө аргасыз болушкан.

Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Belek1710
2021-01-09 12:03:27
Анан эмнеге Кыргыз темир жолу зыян мекеме деп эле жүрүшөт! Жетекчиликти да катуу текшерсе 250млн тапса керек мамлекетке зыян келтиргенин.
+1
Jelezo
2021-01-09 12:54:16
Жашырбай эле Мелис Аспеков деп жазсаңар
+4
Almazhhhh
2021-01-09 12:54:59
Аспеков болсо керек бироосу.
+6
rysik79
2021-01-09 13:44:03
Аспеков түрмөдө отура турган бала го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан