Дээрлик 23 жылдан бери ыр, обон жазып келген Гүлжигит Сатыбеков туулган күнүн белгилеп жатат

15 жылдан бери сахнада жүргөн ырчы, аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков 41 жашка чыкты.
Ырчы туулган күнүн апасын куттуктап, бир дасторкондо отуруу менен баштады. Бул тууралуу аны куттуктап байланышканыбызда белгилүү болду.
"Уктап туруп апамды куттуктап, чогуу тамактандык. Жоро-жолдошторум күтүп жатышат, калган убакытты алар менен өткөрөм", - дейт ал.

Гүлжигит Сатыбеков көптөгөн ырлардын, обондордун автору. Анын бир катар ырларын кыргыз эстрада ырчылары Гүлнара Кахарова, Каныкей, Самара Каримова, Айнура Салахидинова, Роза Шакирова, Алмаз Шаадаев жана башкалар аткарып келишет.

"1998-жылдан бери ыр, обон жазып келем. Аяк-башы канча экенин билбейм, санап берекесин кетирбей эле коёюн. Бүгүнкү күндө 30-40тай обонумду казак ырчылары аткарып жүрүшөт. Өзбекстандан дагы ырларыңызды которуп ырдайлы деген сунуштар болууда. Мындан тышкары тажик ырчылары дагы обондорумду аткарып жүргөнүн угуп калам", - дейт ырчы.

Гүлжигит Сатыбеков 1980-жылы 9-январда Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Мукур айылында туулган. Репертуарындагы популярдуу ырлары – “Коштошуу”, “Лейлектик кызга”, "Тико, "А балким" жана башкалар. Анын аткаруусундагы "Мен сенден кетейинчи" аттуу ыры "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер ыры" деп табылган. 2018-жылдын 4-январында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы тапшырылган.

9-январдын жылнаамасы.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-01-09 14:25:42
Туулган күнүң кут болсун Гулжигит Сатыбеков мыкты талант
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан