Жарандык активист Мелис Аспеков менен Улан Жураев 250 миң доллар талап кылган деп шектелип кармалганы айтылууда

Жарандык активист Мелис Аспеков менен Улан Жураев 250 миң доллар талап кылган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Буга чейин УКМК "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылууга шектелген 2 активист камакка алынганы боюнча маалымат тараткан.

Маалыматка ылайык, 8-январда КР УКМК Коррупцияга каршы кызматы тарабынан "Кыргыз Темир Жолу" ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысынын негизинде сотко чейинки териштирүү башталган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, М.А. жана У.Д. аттуу Кыргыз жарандары Кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан текшерүү болушу мүмкүн деген жүйөө жана ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруу коркунучу менен аталган ишкананын жетекчилигинен 250 миң доллар өлчөмүндө акча каражаттарын талап кылышкан.

Анын жыйынтыгында аталган ишкананын жетекчилиги маселени оң жагына чечүү максатында М.А. жана У.Дга жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын берүүгө аргасыз болушкан.

Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө уланууда", - деп жазылат маалыматта.

Мелис Аспековдун өзүнө байланышсак жооп берген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
rysik79
2021-01-09 13:24:01
Аспеков өттттө начар жигит болчу.
+5
Mister-XXX
2021-01-09 15:22:12
Акча табуунун дагы бир жолу.
0
Almazhhhh
2021-01-09 15:38:29
Силер дагы саяссий куугунтук деп чыккыла,биздеги онокотко айланган шылтоолор го!Ууру тойгончо жеп,олгончо карганат!
+2
Aibek_eka
2021-01-09 16:05:19
Мелис Асбеков Садыр Жапаровту жандап жургон бала эмеспи
0
Nur777
2021-01-09 16:50:17
Aibek_eka,ооба,жабышып жургон уйгактай болуп,он общественно-политическая прилипала деп коюшат.
0
Sayasatchy_bala
2021-01-09 17:33:08
Aibek_eka,ошол
0
Janyl98
2021-01-09 17:02:05
Садырдын тегерегеинде жургондор бут криминалдар, кылмышкерлер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан