28-сентябрда Бишкектеги жеке төрөт үйлөрүнүн биринде эстрада ырчысы Бактыгүл Бадыева кыз төрөдү. Ымыркай 4 килограмм 800 грамм салмакта төрөлүп, жакындары ага Ширин деген ысым ыйгарышты. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Бул кабарды ырчынын курбу кызы Назгүл Жаналиева тастыктады.