"50дөн ашык жүргүнчү болгон". Индонезияда Boeing 737 учагы деңиздин үстүнө кулады

Бүгүн, 9-январь күнү Индонезияда 50дөн ашык жүргүнчүсү бар Boeing 737-500 учагы деңиздин үстүнө кулап, кыйроого учурады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Sriwijaya Air" авиакомпаниясына тиешелүү аба кемеси Жакарта шаарындагы аэропорттон учуп чыкканына төрт мүнөт болгондон кийин кырсыктаган.

"Жээк күзөтчүлөрүнүн айтымында, суудан учактын калдыктары менен жүргүнчүлөрдүн денелери табыла баштады. Белгилүү болгондой, учак Жакартадан Понтианак шаарына бара жатып кырсыктаган. Ал эми жээкке жакын жашаган тургундар алгач эки ирет жарылуу болгондой катуу үн угулганын айтышууда"- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Yahoo
2021-01-09 19:42:13
Биздин Авиатраффик да ушундай эски учактарды колдонотко.Кызыгы борбордук азияда бир гана Кыргызстанда мамлекеттик учак жок.Жок дегенде 737-800,900 улгусундогу.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан