"Сөгүнүү өтө аша чаап кеткен". Ырчы Курал Чокоев көпчүлүктүн кыжырын келтирген долбоорундагы каталарын моюнга алды

Чет элдик долбоорду кайталайм деп элдин сынына кабылган ырчы Курал Чокоев кайрылуу жасады. Анда ырчы айтылып жаткан сындардын баарын кабыл аларын, кетирген каталарынын үстүнөн иштей турганын айтат.

"Өтө хайп болуп жатканыбызды көрүп, угуп жатасыздар. Бул долбоор пилоттук болгондуктан көп катачылыктарыбыз бар, моюнга алабыз, сөгүнүү өтө аша чаап кеткен. Айтылып жаткан сындардын баарын кабыл алабыз. Бул долбоорду тартууну уланта беребиз, токтобойт. Конокторубузга алдын ала долбоордун эреже, шарттары толук түшүндүрүлөт, каалоочулар гана келет. Кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирилбейт. Биздин долбоор 18 жаштан жогоркуларга арналган, видеону көрөрдөн мурда эскертүүлөр айтылат.

Интернетте биздин менталитетке туура келбеген тармактар бар. Мен ойлойм, биздин долбоор өзүнүн көрөрмандарын табат", - дейт ырчы.

Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
nazira...
2021-01-09 22:06:19
Психиаторго көрсөтүп койгулачы бул баланы. Же кыргызстандан кууп салгыла ошо барган жеринен тартып жүктөй берсин билген богун, акмак. Сендейлер азайганы эсеп, сени көрүп чонойгон балан кандай болот, сени төрөгөн энен көрүп не деп атат экен байкуш. Мин наалат сага, айбан.
+16
sabyr86
2021-01-09 22:29:04
Долбоор уланат башымды чакпагыдачы дептир да, Примбердиев экоонун тен сыйлыктары алынышы керек.
+20
fanatka19
2021-01-09 22:36:11
Каталарын мойнуна албаптыр каалабасанар корбой жле койгула деп кекетип атат.
+19
benzema4
2021-01-09 22:45:06
Что было дальше (ЧБД) болуп алганго булар Курал озунчо Алексей Щербаков окшойт
+7
sultan_bek
2021-01-09 22:48:23
Жашоодо элдин баары согунот.
-14
Asmat84
2021-01-09 23:04:25
Бети жоктор өтө начар колуман келсе камап салмакмын. Азаматсың министир Нуржигит Кадырбеков өтө маданияттуу суйлоптур булар үчүн кечирим сураптыр. Булардын ырларын баардык теле радиодон алып салыш керек
+11
Mirnar
2021-01-09 23:04:38
Маданияттуулукту уйронолучу каяктагы жапайыларды туурабай.
+16
AdylbekB84
2021-01-10 00:51:19
Мен бүгүн көрүп калдым эле Кайрат Салмакеев отурат, дагы 2-3 жигит сөгүнүп жатышат ортодо, булар кафеде отуратко чогулуп, ушундайды дагы чыгара беришет интернетке деп ойлопмун, көрсө долбоор экенда. Демек срочно блоктош керек мындайларды менталитетке туура келбейт!
+5
Meken28
2021-01-10 00:58:57
Ozu balasy bar bolup ajyrashkan erkekter baaribir jashoodo bilinip kalat eken kandai adam ekeni.Yiman degen jok 0
+3
lazygirl
2021-01-10 01:12:07
Озбекстанга окшоп лицензия менен иштей турган кылып ушуга окшогондордун лицензиясын алып коюш керек.
+5
bond02
2021-01-10 01:17:09
Бул долбоорун уланта турган болсо маданияттан чийип ташташ керек Куралын, бул долбоорго барып катышкандарын.
+6
take_83
2021-01-10 01:35:21
Башында ойлонуш керек иним
0
take_83
2021-01-10 01:37:29
Азыр элдин кебирлери хайп менен жашап калдыго
+1
Ozgocho111
2021-01-10 09:04:26
Долбоорун башында калсын,уятсыз..бироону туурабай башынды иштетпейсинби
+5
Asmat84
2021-01-10 10:34:44
Фу чокойдун баласы менен Примбердинин баласы кашыктап чогулткан абийириңди чөмүчтөп төктүң го шүмшүктөр. Эң туура кылыпсынар министирлик теле радиодон баарыңар алып салгыла булардын декламациясын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан