Бүгүн, 10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо саат өтүп жатат. Шайлоо тилкелери 08:00дө ачылганына карабастан Бишкек шаарындагы #1046 шайлоо тилкеси убагында ачылган жок.
Аталган тилкеде иштеген кызматкерлер мунун себебин урна толук кандуу иштебей калгандыгы менен түшүндүрдү.
Бул шайлоо тилкеде эл аралык байкоочулар дагы көз салып жатышат.