Кант диабети менен жабыркаган Султан Каримовду колдоо максатында эстрада жылдыздары кайрымдуулук концертин өткөрөт

5 жылдан бери кант диабети менен күрөшүп жаткан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Султан Каримов чет өлкөдөн операция жасатууга муктаж экенин жарыялаганбыз.
Ырчыга каржылык жактан колдоо иретинде кайрымдуулук концерти өткөрүлөт. Концерт 10-февралда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда орун алат. Иш-чараны уюштурууну Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кыргызбай Осмонов жана шоумен Рустам Давлетов жана башкалар колго алышкан.
Султан Каримов ыктыярчылардын концертти уюштуруп жатканы боюнча буларга токтолду.
"Мага кайрымдуулук концерти уюштурулуп жатканын айтышты. Анын кереги деле жок болчу десем, болбой коюшту. Учурда керектүү сумма толук топтоло элек", - деди ал.
Жардам берүүнү каалагандар ЭЛСОМ аркылуу каражат которсо болот.
0(507) 42-05-42 - ЭЛСОМ.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altinbe
2021-01-25 15:32:26
аллах шыпаасын берсин. маданият министри жардам кылса болмок
+7
nazira...
2021-01-25 16:45:17
Айыгып кетиниз, туура эле кылып атышат. Бирок түшкөн акчанын бир тыйынына чейин сиздин колунузга беришсин да.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан