Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 10-январда Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берди.
Талант Мамытов Бишкектеги "Белек" маданий оюн-зоок борборунун имаратындагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.