Чет мамлекеттерде 1 миң 201 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Кайрат Маматов билдирди.
"Саат 10:00гө карата 24 шайлоо тилкесинде 1 миң 201 шайлоочу добуш берди. Чет мамлекетте 49 миң 111 шайлоочу бар. Саат 10:00дө Азербайжанда 25 шайлоо тилкеси ачылды", - дейт ал.