Жыл башына дайындалган мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы 8-президенттик шайлоо болуп саналат. Буга чейин 1991-жылы, 1995-жылы, 2000-жылы тунгуч президент Аскар Акаев шайланса, 2005 жана 2009-жылдары Курманбек Бакиев утуп чыккан. 2011-жылы Алмазбек Атамбаев шайланып келсе, 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков президент болгон.
Тунгуч президент Аскар Акаев 1990-жылдын 27-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан президент болуп шайланган. 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз өлкөсү расмий түрдө көз карандасыз мамлекет деп таанылгандан кийин Жогорку Кеңеш "Кыргыз өлкөсүнүн президентин шайлоо жөнүндөгү" мыйзамды кабыл алып, ага ылайык президенттик шайлоо 1991-жылдын 12-октябрына дайындалган. Ал шайлоолордо Акаев жалгыз талапкер болгондуктан бюллетендерде "макул" жана "каршы" деген эки графа эле болгон. 1991-жылкы шайлоого жарандардын шайлоого катышуусу 89,03 % пайызды түзгөн.
1991-жылы Аскар Акаевдин президент болушун колдогондор 95,33 пайыз болгон.
1995-жылы Кыргыз өлкөсүндө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөн. Себеби кийинки президенттик шайлоо 1996-жылы болушу керек эле.
1995-жылдын 24-декабрына дайындалган шайлоодо Аскар Акаев шайлоочулардын 71,5 пайыз добушуна ээ болуп, мараны утуп чыгат.
Кийинки президенттик шайлоо 2000-жылдын 29-октябрында өткөн. Шайлоодо Аскар Акаев менен бирге Алмазбек Атамбаев дагы ат салышкан. Атамбаев шайлоочулардын 6,00 пайыз добушуна ээ болгон.
2000-жылкы шайлоодо дагы Аскар Акаев 74,47 пайыз добуш алып үчүнчү мөөнөткө шайланат.
2005-жылдын март айында Кыргыз өлкөсүндө бийликке болгон нааразычылыктан улам эгемендүү өлкөнүн тарыхындагы алгачкы төңкөрүш орун алат. Анын натыйжасында Аскар Акаев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болот.
Жоогазын революциясынан кийинки президенттик шайлоо 2005-жылдын 10-июлуна дайындалган. Ага алгач 19 талапкер катталган. Бирок шайлоого 6 гана адам катышкан. Анын арасында Турсунбай Бакир уулу, Токтайым Үмөталиева да болгон. Курманбек Бакиев Феликс Кулов менен тандем түзгөн.
2005-жылы Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун тандеми шайлоочулардын 88,72 пайыз добушуна ээ болгон.
2009-жылы өткөн Президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев "Ак Жол" партиясынын атынан кайрадан шайланып келет.
2009-жылы Курманбек Бакиев жалпы шайлоочулардын 76,12 пайыз добушун алган.
2010-жылы өлкөдө кайрадан төңкөрүш, кайрадан бийлик алмашуу жүрөт. Өткөөл мезгилдин президенти саналган Роза Отунбаеванын 1 жарым жылдык президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин 2011-жылдын 30-октябрына президенттик шайлоо дайындалат. Ага Алмазбек Атамбаев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев катышат.
2011-жылкы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаев шайлоочулардын 63,24 пайыз добушуна ээ болуп, президент болуп шайланган.
Өлкөнүн тарыхындагы 7-президенттик шайлоо 2017-жылы өткөн. Ага Сооронбай Жээнбеков менен бирге Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров, Темир Сариев дагы президенттик марага түшөт.
2017-жылдын 15-октябрында КСДП партиясынан Сооронбай Жээнбеков 54,75 пайыз шайлоочулардын добушуна ээ болот. Ал эми анын оппоненти Өмүрбек Бабанов 33,8 пайыз шайлоочулардын добушун алат.
Туура 3 жыл өткөндөн кийин 2020-жылдын 15-октябрында президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын Садыр Жапаровго өткөрүп берди. БШК 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгарып, 2021-жылдын 10-январына мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана референдум өткөрүүнү дайындады.