Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов президенттик шайлоо жана референдумда добуш берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.
"Бүгүн, 10-январда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда №5555 шайлоо участогунда өз добушун берди", - деп билдирди Абсаттаров.
Ал эми Таалайбек Сарыбашов: "Өзүңүздөр билгендей, Ош шаарында 78 шайлоо участкасы бар. Катталган шайлоочулардын жалпы саны - 151 миң. Саат 8ден баштап шайлоо жараяны башталып, күндүн сууктугуна байланыштуу адамдардын келүүсү да аз болуп жатат. Азыр 11лерден баштап активдүү катыша баштайт деп ойлойбуз", - деген шаар мэри.