Байкоочуларга мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо жана референдумда добуш берүү процессиндеги шайлоо участкаларындагы мыйзам бузууларды сүрөткө тартууга тыюу салынып жатат. Бул тууралуу БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдырахматова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Көпчүлүк участкаларда көз карандысыз байкоочуларга сүрөт, видео тарттырбай жатышат", - деп жазган ал.
Учурда шайлоо участкаларын жеринде чагылдырып жүргөн ЖМК өкүлдөрү дагы мыйзам бузуулар жөнүндө билдиришүүдө. Тактап айтканда, Чүй облусунун Новопокровка айылында жайгашкан №7147 шайлоо участкасында шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү байкоочуларга сүрөткө жана видео жазууга тыюу салышканын жазышууда.