"Тизме көтөргөн аялдар жүрөт". Оштогу шайлоо тилкелеринин бириндеги байкоочу эреже бузулуп жатканын айтты

Ош шаарындагы №5276 участкасында шайлоо башталганда эле мыйзам бузуу менен башталгандыгын аталган тилкеде байкоочулук кызматты аткарып жаткан Асылкан Кубанычбекова билдирди.

"Мыйзам бузуулар шайлоо башталганда эле болду. Бюллетень салынуучу урналарда пломб жок. Шайлоо участканын мүчөлөрү урнаны каалагандай эле ачып-жаап жатышат. Тилкенин айланасында шайлоочулардын тизмесин көтөргөн топтошкон аялдар жүрөт. Мыйзам бузуулардын көптүгүнөн акт жазган кагазыбыз калбай калды", - дейт Кубанычбекова.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январда өлкөбүздө президенттик шайлоо менен бирге эле өлкөнүн башкаруу формасын аныктоочу референдум өтүп жатат.

Шайлоодогу мыйзам бузуулар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aibek_eka
2021-01-10 15:29:42
Сат сат сат
-1
azema9
2021-01-10 19:04:14
Aibek_eka,эч ким эч нерсени саткан жок Сен сурабайсынбы Бул эмне тизме деп видеого тартканды билген аты жонун сурабайсынбы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан