Ява деңизинде Boeing 737-500 учагынын кыйраган жери табылды

Индонезиянын Boeing 737-500 учагы кырсыкка учураган жер Ява деңизинен табылды. Бул тууралуу Индонезиянын Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Хади Тьяжантого шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышууда.

"Суучулдардан суунун тунук экендиги жөнүндө кабар алдык. Бул бизге учактын айрым бөлүктөрүн табууга мүмкүндүк берди. Биз учак дал ушул жерге кулап түшкөнүнө толук ишенебиз", - деген Тьяжантао.

Өз кезегинде суучулдар учактын калдыктарын 23 метр тереңдикте тапканын билдиришкен.

Кечээ, 9-январда "Sriwijaya Air" авиакомпаниясына таандык болгон Boeing 737-500 учагы Жакарта аэропортунан учуп чыккандан бир нече мүнөттөн кийин байланыш үзүлгөн. Көп өтпөй учактын Лаки аралына жакын жерде сууга кулап түшкөндүгү белгилүү болгон. Лаки менен Ланканг аралдарынын ортосундагы деңизден дененин бөлүктөрү жана металл калдыктары табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан