Ява деңизине кулаган Индонезиянын Boeing 737-500 учагынын кара кутусу табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар жана суучулдар учактын деңиздин 23 метр тереңдикте жатканын табышкан. Учурда издөө иш-чаралары уланууда. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз.
Кечээ, 9-январда "Sriwijaya Air" авиакомпаниясына таандык болгон Boeing 737-500 учагы Жакарта аэропортунан учуп чыккандан бир нече мүнөттөн кийин байланыш үзүлгөн. Көп өтпөй учактын Лаки аралына жакын жерде сууга кулап түшкөндүгү белгилүү болгон. Учакта 65 адам болгон жана анын 12си экипаждар. Лаки менен Ланканг аралдарынын ортосундагы деңизден дененин бөлүктөрү жана металл калдыктары табылган.