Орусиянын Владивосток аймагында мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча өтүп жаткан шайлоонун жыйынтыгы чыгууда. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги SUPER.KG порталына билдирди.
"Президентти шайлоодо №9004 участкалык шайлоо комиссиясында тагыраагы Владивостокто 234 Кыргыз жараны, ал эми референдумга 234 жаран добуш берүүгө катышты. Жалпысынан шайлоо тизмесине – 709 шайлоочу катталган. Жыйынтыктар чыгууда", - деп билдиришти элчиликтен.