Казакстанда жаңы төрөлгөн ымыркай кызга ата-энеси Шайлоо деп ысым ыйгарды

Казакстандын Атырау шаарында жаңы төрөлгөн ымыркай кызга ата-энеси Шайлоо деп ысым ыйгарды. Бул туурасында казакстандык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, наристеге ата-энеси шайлоо күнү жарык дүйнөгө келген үчүн ушундай ат коюну туура табышкан. Шайлоо үй-бүлөнүн төртүнчү наристеси.

Атырау калаасында 10-январда 12 наристе жарыкка келсе, алардын бешөө уул, жетөө кыз.

Белгилей кетсек, бүгүн Казакстанда төмөнкү палатаны шайлоо өтүп жатат. Айрым маалымат булактарында, коңшу мамлекетте шайлоо нааразычылык акциялары менен коштолуп, аларды укук коргоо кызматкерлери камап жаткандыгы жазылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur777
2021-01-10 22:56:16
прям Шайлообу же Сайлаубу?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан