"Секундасына 133 метр ылдамдыкта кулаган". Ява деңизине кулаган Boeing 737-500 учагынын кыйрашынын болжолдуу себеби айтылды

Ява деңизине кулаган Индонезиянын Boeing 737-500 учагы аба-ырайынын татаалдыгынан улам болушу мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын "Учуу коопсуздугу" эл аралык консультативдик-аналитикалык агенттигинин башкы директору, эксперт Сергей Мельниченко билдирген.

"Учак Жакартадан учуп чыкканда нөшөрлөп жаан жаап, күн күркүрөп жаткан. Учак 3 миң 230 метр бийиктикке көтөрүлгөндөн кийин дароо секундасына 133 метр катуу ылдамдык менен ылдый көздөй төмөндөгөн. Учак кулаган учурда жергиликтүү балыкчылар жарылган үндү угуп дароо полицияга кабарлашкан. Азырынча учак кулап жатканда борттун ичинде эмне болгонун айтуу оор", - деген Мельниченко.

Кечээ, 9-январда "Sriwijaya Air" авиакомпаниясына таандык болгон Boeing 737-500 учагы Жакарта аэропортунан учуп чыккандан бир нече мүнөттөн кийин байланыш үзүлгөн. Көп өтпөй учактын Лаки аралына жакын жерде сууга кулап түшкөндүгү белгилүү болгон. Учакта 65 адам болгон жана анын 12си экипаждар. Лаки менен Ланканг аралдарынын ортосундагы деңизден дененин бөлүктөрү жана металл калдыктары табылган. Учурда издөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Beka1986
2021-01-11 15:23:19
Чагылган түшүшү мүмкүн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан