Сузакта №2057 шайлоо тилкесинде шайлоочуларга акча таратып жатат деген маалымат түштү. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.
"Жалпы иш" коомдук фонду Сузакта №2057 шайлоо тилкесинде шайлоочуларга акча таратып жатат деген маалыматты кабарлашты. Учурда бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.
Учурда өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат.