Япон окумуштуулары COVID-19 вирусун 30 секундда дээрлик 100 пайызга жок кылууга жөндөмдүү шайманды ойлоп табышты

Японияда окумуштуулар COVID-19 вирусун 30 секундда дээрлик 100 пайызга жок кылууга жөндөмдүү көчмө шайманды ойлоп чыгарышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, шайман "Handy ультра-сыя нурлары" деп аталып, терең ультра-сыя нурлануусунун импульстарын чыгарат. Илимпоздордун айтымында, аппарат чыгарган ультрафиолет нурунун узундугу 280 нанометр, алардын оптикалык кубаттуулугу 70 милливатт.
Ошондой эле вирустардын бөлүкчөлөрүн 260 нанометрлик жарык толкуну менен жок кылышы мүмкүн экендигин баса белгилешкен. Бирок мындай толкундарды жаратууга жөндөмдүү шайман болжол менен 2 миң саатка созулат. 280 нанометрдик толкун узундугунда жашоо мөөнөтүн болжол менен 10 эсе узартууга болот.
Токусима университети жүргүзгөн тесттин жыйынтыгына ылайык, аппарат 30 секундада вирустардын 99,99 пайызын жеңе алган. Шайманды жаратуучулар өнүгүүнү серияга айландыруунуу көздөп жатышат. Келечекте ал абаны тазалоо үчүн мисалы, кондиционерлерде жана башка шаймандарда колдонулат.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mirlanpiter
2021-01-11 12:19:19
Адамга зыяны жок болсо колдонууга болот
+4
Kari
2021-01-12 08:25:56
Жакшы жанылык экен.Ушул жылда вирустан жерибизди ,ааламыбызды тазаласа экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан