Акыйкатчы институту Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайынан кабар алды

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайын жана ал жерде коменданттык саатты бузгандар кармалуучу №714 аскер бөлүгүнө кечээ, 29-апрелде мониторинг жүргүзүштү.

Мониторингдин жүрүшүндө азыркы учурда убактылуу кармоочу жайда 40 адам олтурат. Абал туруктуу.

Кызматкерлер жана кармалган жарандар зарыл болгон жекече коргонуу каражаттары менен камсыз болгон. Андан тышкары убактылуу кармоочу жайдын камераларында жана анын аймагында күн сайын санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт. Аптасына бир жолу санитардык эпидемиологиялык станциянын адистери тарабынан санитардык жумуштар жүргүзүлөт.

Азыркы учурда дагы 30 адамды тергөө изоляторуна этаптоого даярдалууда, коронавирус илдетин аныктоо үчүн алардын ПЦР анализдери алынган, анын жыйынтыгы таза чыкса, тергөө изоляторлоруна жөнөтүлөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан