Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда балык уулоого чыккан 37 жаштагы жаран дайынсыз болуп
изделип жаткан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылганын кабарлашты.
Маалым болгондой, 10-январь күнү Жеңиш айылында 1983-жылы туулган эркек киши көлгө балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.
"Бүгүн, 11-январь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 9 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылды. Саат 09:30да маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди", - дешти мекемеден.