Ошто уюлдук телефон сатуучу дүкөндү тоногонго шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-январь күнү Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 25 жаштагы М.С. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Анда Оштогу Абсамат Масалиев атындагы проспектисинде жайгашкан "Цифровик" аталыштагы уюлдук телефон сатуучу дүкөнүндө арыз ээси иштеп жаткан учурда белгисиз, кебетеси азиялык болгон төрт атуул беттерине медициналык бет каптарын тагып киришип, зомбулук көрсөтүп, денесине залал келтиришип, дүкөндө сатыкта турган кымбат баалуу мобилдик телефондорду тоноп кетишкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй электе окуяга тиешеси бар деген шек менен Өзбекстандын жараны 24 жаштагы А.Ж., 19 жаштагы Р.А. 18 жаштагы У.А. 21 жаштагы К.М. кармалып, күбөлөрдүн катышуусунда шектүүлөргө тинтүү жүргүзгөн учурда жанынан түрдүү үлгүдөгү уюлдук телефондору, бир даана бүктөмө бычак, "ПМ" үлгүсүндөгү номери өчүрүлгөн тапанча табылган. Буюмдарга тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Шектүүлөргө карата сурак иштерин жүргүзгөндө алар өздөрүнүн жасаган кылмышын толугу менен моюнуна алышып, Өзбекстандын Андижан облусунан Ош шаарынын аймагына 7-январда чек арадан мыйзамсыз өтүшүп, 8-январь күнү "Цифровик" дүкөнүнө каракчылыка киришкенин жана Өзбекстанга кете турган ойлору болгонун билдиришкен. Каракталган буюмдардын бир бөлүгүн сатып үлгүрүшкөн. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн Жалал-Абад облусунда да ушундай эле каракчылык фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды. Учурда бул топтун башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу иликтенүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Шектүү катары кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалым болду.