Орусияда Кыргыз жараны эки таанышын бычактоого аракет кылган. Сот аны 5 жылга эркинен ажыратты

Орусиянын Сусуман райондук соту тааныштарын бычак менен сайган Кыргыз жаранына карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Магадан облусунун прокуратурасы билдиргенине таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сот Кыргыз жаранын "Адам өлтүрүү", "Адамдын ден соолугуна атайылап залал келтирүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анда ал курал катары бычак колдонуп, эки жарандын өмүрүнө коркунуч келтирген.

"Прокуратуранын маалыматы боюнча, былтыр 1-январда Сусуман шаарындагы батирлердин биринде мас абалдагы жаран өзүнүн эки таанышын бычак менен сайып, дагы бирөөнү бычак менен коркуткан.
Сот залында айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алган эмес. Сот жабырлануучунун жана айыпталуучунун пикирин, ошондой эле бир катар жеңилдетүүчү жагдайларды эске алып соттолуучуну 5 жылга эркинен ажыратуу түрүндө катуу режимдеги колонияда жазасын өтөсүн деген өкүмүн чыгарды", - деп жазылат маалыматта.
Өкүм мыйзамдуу түрдө күчүнө кире электиги кабарланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirlanpiter
2021-01-12 01:31:34
Арак азап,!!!мен да бир нече арак сүйгөн жердештер менен урушуп мушташтым жакшылыка алып барбасын түшүндүм,,Алла деп намаз окууну үйрөнүп баштадым
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан