"The New York Times" гезитинин окурмандары Кыргыз өлкөсүн туризм үчүн эң мыкты өлкө деп атады

Чет элдик "The New York Times" гезитинин окурмандары Кыргыз өлкөсүн туризм үчүн эң мыкты өлкө деп атады.

Анда жызылган маалыматка ылайык, "The New York Times" гезити окурмандардан 2020-жылы окурман суктанган жана аны шыктандырган жерлер жөнүндө сурамжылоо уюштурган. Редакцияга 2 миңден ашуун сунуш келип түшкөн, алардын арасынан мыкты деп 52си гана табылган.

Анда гезиттин суражылоосуна Кыргыз өлкөсү тууралуу Индиядагы "The Egg Factory" ресторандар тармагынын негиздөөчүсү Йогеш Мокаши жазып, катышкан. Ал 2018-жылы өлкөнүн түштүгүндө болгонун айтып, аталган аймакка барууну сунуштаган.

"Биз Бишкекте болдук. Шаар советтик архитектурасы жана либералдык ачык коому менен өзүнө тартып турат. Жолдо бара жатып бир канча саат өткөн соң аба ырайы бузулуп, тоолордо кар жаап баштады. Мен 48 жаштамын, жашоомдо биринчи жолу карды көрдүм. 3-4 саат жол жүрдүк, бирок бир дагы адам жолуктурбадык. 4 күн лагердеги боз үйдө өткөрдүк, элдин меймандостугуна таң калдым. Бул өлкөнүн түштүк аймагы эле. Мен дагы башка аймактарды көрүп келүү үчүн кайра барууну калаар элем. Буюрса, алдыңкы убакытта кыялдарым ишке ашып калар", - деген Йогеш Мокаши.

Белгилей кетсек, буга чейин чет элдик "The Guardian" басылмасынын окурмандары Кыргыз өлкөсүн 2021-жылдагы эс алууга эң идеалдуу өлкөлөрүнүн катарына кошкону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KGZ-RUS
2021-01-11 18:28:54
Бутту эми шайлоо дагы эми кен казпай туризмди онуктуруу керек
+5
Egizderim-baktim
2021-01-11 19:59:31
Эн кооз Кыргызстан Алга Кыргыз Элим.
+2
mirlanpiter
2021-01-11 21:44:24
Россиянын көп эле шаарларын көрүп жүрөм себеби айдоочу болуп иштейм.. жакшы эле,бирок Кыргызстанда ар бир облус шаарларда болгум келет.. Кудай насип кылса барам
+1
ainura220888
2021-01-11 21:56:53
Ушинтип эле Алла насип кылып байып кетет окшойбуз экинси Швейцария болуп
+2
Mirnar
2021-01-11 22:07:00
Туризимди онуктуруу учун : канализации, таза суу, газ, свет менен баардык айыл аймакты камсыздоо керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан