Бүгүн, 11-январда социалдык тармактарда үрөй учурган видео тарады. Анда кичинекей баланын көздөрү канап, ыйлап жатканын көрүүгө болот.
Айрым маалыматтарга караганда, видеонун толук версиясында аял кадр сыртында түшүндүрмө берип, "баласынын суукта сыртта ойноп кетишин каалабаган апасы анын колуна телефон берип алаксытайын дегенде телефон баланын колунан жарылып, көздөрү канап кетти. Окуя 10-январда шайлоо күнү Чүй облусуна караштуу Орловка айылында саат 11:30 чамасында болду. Баланын көзүндөгу кан тамырлары жарылып кетти. Тез жардам келгиче апасы сарсанаа болуп, акылынан адашып кете жаздады. Телефонду балдар сураса бербегиле", - деп айтканы жергиликтүү басылмаларда жазылууда.
Ал эми бул окуя боюнча SUPER.KG порталы Чүй ОИИББине байланышканда бул суроого облустук админстрация расмий жооп бергенин билдиришти.
"Кемин районуна караштуу Орловка айылында мындай окуя катталган эмес. Бул калп маалымат болушу мүмкүн же болбосо башка аймакта болгондур. Көзү канаган абалдагы жаш бала ооруканага да, Тез жардам кызматына да кайрылган эмес", - деп билдиришти ден соолук борбору боюнча облустук админстрациядан.