Ким Чен Ындын карындашы кызматынан төмөндөдү

Түндүк Корея мамлекетинин башчысы Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон кызматынан төмөндөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Ким Ё Чжон Кореянын эмгек партиясынын кезектеги съездинде жаңыланган саясий бюронун курамына кирген эмес. Бирок, Борбордук комитеттин мүчөлүгүнөн четтетилген эмес. Ал 2017-жылдан бери саясий бюронун катарында болуп, өлкөдөгү 2-адам катары бааланып келген.

"Саясий эксперттер бул кадамды өлкөнүн лидери менен карындашынын мамилеси сууп калганынын белгиси катары баалашууда. Ким Ё Чжон кызматынан болуп көрбөгөндөй төмөндөдү, эми анын таасири дээрлик калбай калат", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан