
Орусиянын Курск шаарындагы мектептердин биринде информатика сабагынан берген мугалим сабак учурунда көз жумду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя Курск шаарындагы №53 билим берүү мекемесинде болгон. Анда Елена Александровна аттуу мугалим сабак учурунда кулап түшүп, каза болгон. "Тез жардам" кызматкерлери келип, бирок аны сактап кала алышкан эмес.
Аталган факты боюнча тиешелүү органдар иш алып барып жаткандыгы маалымдалды.