"Алтуха" каймана аты менен таанымал кримавторитеттин ИИМдин кызматкери менен болгон баарлашуусу жарыяланды

Бүгүн "Алтуха" каймана аты менен таанымал кримавторитет 1979-жылы туулган Алтынбек Ибраимов ИИМге чакыртылды. Ага карата профилактикалык иштерди жүргүзүп андан соң кетиришкенин ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Профилактикалык иштерди жүргүзүү учурундагы баарлашуу социалдык тармактарда тарады. ИИМдин кызматкери Алтынбек Ибраимовдон өзү жөнүндө айтып берүүсүн суранды.

"Менин атым Алтуха, Алтуха болом" деген кримавторитет Алтынбек Ибраимов.

"Алтуха, мен сагы бир нерсе айтам. Балким, келечекте кылмыш дүйнөсүндө кимдир бирөө болууну каалайсың. Мен "мыйзамдуу ууру болом" дегениңди уктум эле. Бирок дагы бир нерсени эске түйүп коюу кажет. Кыргыз өлкөсүндө уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш жүрөт. Бул тууралуу ойлонушуң зарыл. Кыргыз өлкөсү - уюшкан кылмыштуу топко каршы. Мындай эми болбойт. Качан биз, ИИМдин кызматкерлери болгондо уюшкан кылмыштуу топ баш көтөрбөйт", - деген олуттуу үн менен милиция кызматкери.

"Маселе жок" деп жооп берген кримтөбөл.

"Алтуха" каймана аты менен таанымал кримавторитет ИИМдин кызматкери менен болгон баарлашуусу жарыяланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
almanbetperm
2021-01-12 00:27:19
Показуха
+4
Shabi
2021-01-12 01:12:40
almanbetperm,бул тазза показуха болуп калды го.имменно ОПГ деген жок болот деп суйлогонун интернетке чыгарып
+1
almanbetperm
2021-01-12 00:27:48
Театр одного зрителя
+1
SHMIT
2021-01-12 00:55:01
Жаман иттин аты Бору басар демекчи.Аллахтын алдында эч ким эмессин
+3
sultan_bek
2021-01-12 01:04:58
Жараткан Тенирим озу жазасын берсин булардын
-1
Almazhhhh
2021-01-12 01:16:03
Интермедия аткарсанарда окшоштуруп аткаргылачы.
+2
suban78
2021-01-12 02:56:49
Айтканын келсин урматуу "опер", эркекче соз болду. Эл суйлой берет, конул бурба. Кылмышкерлерди, элдин тынчын алгандарды, бийликте отуруп уурулук кылгандарды чекесинен текшергиле. Азаматсын "опер" .
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан