Кырсыкка учураган Индонезиялык Boeing 737-500 жүргүнчүсү Ратих Виндания учак кулаганга чейин селфи жасап жакындарына жөнөткөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Анда жазылгандай, Ратих Виндания 2 баласы менен учакта олтурган сүрөтүн жакындарына жөнөткөн. Сүрөттө түшкөн аялды кызы жана баласы жылмайып түшкөнүн көрүүгө болот.
Ратих Виндания агасынын айтымына караганда, ал сүрөт менен бирге "Кош болгула. Биз үйгө кайттык" деп жазып кетирген. Мындан тышкары дагы жакындары ал учакта болгондугун кошумчалап өткөн.
Эске салсак, 9-январь күнү Индонезияда 50дөн ашык жүргүнчүсү бар Boeing 737-500 учагы деңиздин үстүнө кулап, кыйроого учураган. Бир күн өткөн соң кырсыкка кабылган учактын кара кутусу табылган. Көп өтпөй Индонезиянын Boeing 737-500 учагы аба-ырайынын татаалдыгынан улам кулашы мүмкүн экендиги айтылган.