Бүгүн, 12-январда эртең менен саат 08:00дөр чамасында Чүй облусунун Сокулук аймагында айдоочу жөө адамды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын кайгуул кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.
"Бишкек-Ош автоунаа жолундагы, тагыраагы, Сокулук районунда балык саткан базардын жанында Мицубиси үлгүсүндөгу унаанын айдоочусу чыгыштан батышка карай бара жатып 60-65 жаштагы кишини сүзгөн. Натыйжада жабыр тарткан киши ар кандай жаракатынын негизинде ошол жерде каза тапкан. Учурда кызматкерлер иш алып барып жатышат. Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдиришти милициянын кайгуул кызматынан.