Чүйдөгү 4 адам иске ууланган окуя: Өрттөн дагы 13 адам куткарылды




Чүй облусунда 11-январь күнү саат 21:50 чамасында Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Жаңы конуш тилкесиндеги батирден өрт чыгып, аянты 10 чарчы метрди түзгөн бөлмө күйгөн.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине аталган аймактагы үч кабаттуу үйдүн 2 батири күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Жерине өрт өчүрүү-куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери барышып, өрттү өчүрүү жана үстүңкү кабаттагы батирлердин жашоочуларын куткаруу иштерин баштаган.
"Өрт кырсыгынан төрт киши жабыркаган, алар коңшу батирдин жашоочулары болгон. Иске 4 адам (2 эркек - 1976-жылы туулган, 1930-жылы туулган, 2 кыз - 2008-жылы туулган, 2005-жылы туулган) ууланган, күйүк алгандар жок. Жалпы куткарылган кишилердин саны 13. Батирдин жашоочулары куткаруучулардын жардамы менен шаты аркылуу сыртка чыгарылган. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - дешти мекемеден.
Өрт саат 22:20да чектөөгө алынып, 23:20да толугу менен өчүрүлгөн. Өрт өчүрүүгө 2 өрт өчүрүүчү автоунаа, 1 авариялык куткаруу автоунаасы, 9 өрт өчүрүүчү-куткаруучу кызматкер тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
1:04
2021-01-17

0:51
2021-01-17

13:56
2021-01-16

11:31
2021-01-16
10:30
2021-01-16
9:35
2021-01-16
9:31
2021-01-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.